Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон чек арачы комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
«Аскер кызматкери эсине келди. Абалы орто. Өз алдынча тамактана баштады. Улуттук госпиталда дагы 2 чек арачы дарыланууда, алардын абалы канааттандыраарлык», — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан 5 чек арачы аскердик госпиталга которулган. Аталган борбордо бир жабырлануучу дарыланууда. Калгандары үйлөрүнө чыгарылган.
16-сентябрда Лейлек районунун Тажикстан менен чек арадагы Максат айылында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм да болгон.
Буга байланыштуу 17-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота жиберген.