Марал Радиосу

Кудай берген сууга эмнеге акча төлөйбүз? (адистин жообу)

Жергиликтүү кеңештин бир да депутаты суунун баасын өздүк наркына чыгарбайт. Анткени, элге жаман көрүнүүнү каалабайт. Мындан улам сууга болгон тариф саясатын кайра иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу Таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда таза сууга болгон тарифти жергиликтүү кеңештер чечет. Бирок бара-бара газ, электр энергиянын тарифи сыяктуу өкмөттүк деңгээлге алып чыгуу керек.

Айыл өкмөттөрдүн ортосунда муниципалитеттер аралык ишкана түзүлүүдө.

«Айыл өкмөттөргө өздөрүнүн муниципалдык ишканасын түзүү сунушун берип, колдоо көрсөтүп жатабыз. Учурда муниципалитеттер аралык ишкана түзүү боюнча 18 жерде жардам көрсөтүлдү. Сууну кантип камсыздайт: учак менен жеткиреби, унаа же эшек менен ташып береби, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети. Эл сууну пайдалануу үчүн каражат төлөйт. Көпчүлүк: «Эмне үчүн Кудай берген сууга акча төлөшүбүз керек?» — дейт. Туура, Кудай айылдын 10-16 чакырымына суу бериптир, бирок ар бирибиздин үйүбүзгө алып кирип бербептир. Ошондуктан сууну тартып келип, туруктуу камсыз кылууга каражат кетет», — дейт Токтошев.

Ал белгилегендей, ар бир айылга, шаарга өзүнчө тариф иштеп чыгуу зарыл.

Таза суунун тарифи жалпы өлкө аймагы үчүн бирдей эмес. Ал ар бир айылга өзүнчө коюлушу керек. Аймакта калктын саны канчалык көп болсо, суунун өздүк наркы ошончолук арзан болот. Алсак, Бишкекте 1 миллилитр суу 5 сом 30 тыйын. Ал эми айылда калк аз болгондуктан, суунун өздүк наркы 30 сомго чейин чыгып кетүүдө.