Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова бүгүн дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт

Бүгүн, 20-сентябрда кыргызстандык балбан, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт.

Анын атаандашы Болгариянын балбаны Тайбе Мустафа Юсейн болмокчу. Ал 28 жашта, учурдагы дүйнө чемпиону.

19-сентябрда жарым финалда Түндүк Кореялык атаандашын 7:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Ушул күндөрү спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште алдыңкы беш орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгеси үчүн биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова күрөшүп жатат.

Айсулуу Тыныбекова: Ар бир мелдешке чоң жоопкерчилик менен барам