Кыргызстан Тажикстан менен достук мамиледе. Мындан улам парламент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, чек ара тилкелерин аныктоодо тажик тарап 1924-1927-жылкы документтин негизинде, ал эми Кыргызстан 1958-1959-жылдагы картанын негизинде карайт.
«Ойлор ар кандай, анткени, 100 миң гектар жер ары-бери болгон фактылар бар. Тажик тараптын оюнда, Ворух анклав эмес, бүтүндөй аймак. Биргелешкен кайтаруу жүргүзүү натыйжа берет. Эл менен достук мамилени улатуу зарыл. Чек арага жакын аймактын инфратүзүмүн, экономикалык, социалдык абалын жакшыртып, аскер күчүн күчөтүү зарыл», — дейт Төрөбаев.
Эл өкүлү белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 972 км болсо, 453 километри тактала элек. Комиссия анын ичинен 72 километр жерди чийип, кагаз түрүндө бекитти. Тактала элек 381 километр жерде 30дан ашуун айыл бар. Чыр жерлер абдан көп.
Төрөбаев буга кошумча аткезчилик бир гана кыргыз-тажик чек арасында эмес, башка чек араларда да бар экенин эске салды. «Ал эми аткезчилик менен алектенгендер мекенчил эмес, өлкө үчүн күйбөйт», — деп сыпаттады.