Марал Радиосу

Тиллаев: Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүү зарыл

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүү зарыл экенин билдирди.

Анын пикиринде, атайын кызматтар Баткен облусунда болушу керек. Себеби, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал оор жана такталбаган жерлер көп.

«Ири базалар, ишканалар Баткен облусуна көчүрүлсө, жергиликтүү элге да дем-күч бермек. Исфана аэропортун реконструкциялоо боюнча каражат бөлүнгөн. Жакынкы күндө тендер бүтсө, быйыл учак уча баштайт. Максат-Арка жолу кийинки жылы толугу менен бүтөт», — дейт Тиллаев.

Эл өкүлү кошумчалагандай, кыргыз-тажик чек арасынын 54%ы такталган. Алар негизинен тоо кыркалары. Эл жашаган жерлер көйгөйлүү болуп жатат.

Эске салсак, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу атышуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алган. Алардын ичинен 10 жаран Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилген.

Митингчилер Канттагы авиабазаны Баткенге көчүрүүнү талап кылышты