Марал Радиосу

Лейлек: Эки өлкөнүн чек ара башчылары жолугушту

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын Согди облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача калктуу конушунда кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана  Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Раджабали Рахмонали мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндиги абалды, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максаттагы чек аранын  тилкесиндеги кооптуу абалды турукташтыруу маселесин  талкууга алышып, мындан сырткары, бирдиктүү иш алып баруу маселесин иштеп чыгышты.

Жакынкы сааттарда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт.