Марал Радиосу

Таласта Улуттук Көчмөндөр оюндары уланат

Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары уланат. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев «Маралга» билдирди.

Эске сала кетсек, Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталган. Бул иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Программага ылайык, кечээтен тарта улуттук ат оюндары башталган. 19-сентябрдан баштап маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Ал арада кечээ Баткендин Лейлек районунун Максат, Овчу-Калача айылында кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу болду. Андан 1 кыргыз аскери каза болуп, ондогон адам жаракат алган. Арасында жергиликтүү тургундар, өспүрүм балдар болгон.

Мындан улам социалдык тармактарда «Көчмөндөр оюндарын токтотуп, чек ара маселесин чечүү зарыл», — деген пикирлер айтылып, кызуу талкууланган.