Марал Радиосу

Лейлек: Ок атышуудан 8 кыргызстандык жаракат алды

Лейлек районунун Максат айылындагы ок атышуудан алдын ала маалыматтар боюнча 2 чек ара кызматкери, Максат айылынын 6 тургуну, анын ичинен 2005-жылы туулган жаш бала жаракат алышкан. Ошол замат Тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлер-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү.

Айыл тургундарынын абалдары орто оордукта, бир чек ара кызматкеринин абалы өтө оор, башынан жаракат алган. Ошондой эле бир чек ара кызматкерине ок тийип, абалы оор.

— Учурда Максат айылында жалпысынан 4 Тез жардам унаасы иш алып барып жатат. Лейлек аймактык ооруканасынан дарыгерлер Тез жардам унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

Баткен облустук ооруканасынан хирург, травматолог, реаниматолог реанимобиль менен Лейлекке жөнөп кеткени маалыматта айтылат.