Марал Радиосу

Дүйшөбаев: Атамбаев мамлекеттик башкаруу системасын талкалады

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев «Маралда» «Кечээ. Бүгүн. Эртең.» программасына берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруу системасын талкалаганын билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев 6 жылда кадрларга болгон жоопкерчиликти өзгөрткөн.

«Мурда кадрлардын кесипкөйлүгү, таза иштегени башкы фактор болсо, Атамбаевдин убагында ал ийкемдүүлүк, кошоматчылыкка алмашып кетти», — дейт Дүйшөбаев.

Ал мындан сырткары, Атамбаев оппозиция түптөй албаганын белгиледи.