Марал Радиосу

Электросамокаттар эмнеси менен пайдалуу? [сүрөт]

Учурда унаанын бир канча түрү бар. А бирок биз сизге ошолордун ичинен электросамокатты көбүрөөк сунуштайт элек. «Неге?» — дебеңиз, себеби, төмөнкүдөй бир нече пайдалуу жактары бар:

Электросамокат тебүүдө жаш курак чектелбейт. Кайсы куракта болбоңуз, сизге ылайыктуусу табылат. Ал тургай, мындай түрдөгү электроунаалардын моделдеринин ар түрдүүлүгү 6-7 жаштан өйдөкү балдар үчүн абдан ыңгайлуу. Ылдамдыкка чектөө коюучу атайын функциялары да бар экенин эсиңизге салабыз.

Көпчүлүк электросамокаттар бүктөлөт. Тыкан бүктөп, үйгө коюп койсоңуз да, эки жакка чыкканда сумкаңызга салып алсаңыз да болот.

Электросамокаттар – башка унаалардан айырмаланып, абаны булгабайт.

Кызыгууңуз пайда болдубу? Анда сиздерге электросамокаттар боюнча маалымат беребиз:

«Xiaomi MiJia Smart M-365-7800 mAh-8.5» электросамокаты 

«Meiyatu Engwe 8» электросамокаты 

«CarWalk Light реплика-4» электросамокаты 

«Xiaomi MiJia Electric Scooter Pro-8.5 » электросамокаты 

IconBit Kick Scooter XT 5.5 » электросамокаты 

«Н-03-10» электросамокаты 

Шаарды кыдыруу үчүн же белгиленген жерге жетүү максатында колдонууга ыңгайлуу, чоңдор да, балдар да айдай алган бул электросамокаттар көпчүлүк талаптарга жооп берет. Бул моделдер жөнөкөй, ошондой эле техникалык документтерди жана айдоочулук күбөлүк талап кылбайт.