Бүгүн , 16-сентябрда Орусия, Иран жана Түркиянын өкүлдөрү Сирия согушун токтотууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн жолугушат. Үч тараптуу саммит Түркиянын борбору Анкара шаарында өтмөкчү.
Жолгушуу учурунда Идлибдеги жана Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле бул өлкөдөгү саясый абалды калыпка келтирүү маселелери талкууланары мерчемделген.
Сирияда 2011-жылдан бери басылбаган согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды. Беш миллиондой адам качкынга айланды.
3 өлкөнүн башчылары Владимир Путин, Хасан Роухани жана Режеп Тайып Эрдоган бул көрүнүштү токтотууга кызыкдар болуп келишет.