Марал Радиосу

Путинге кат жазган эки аял Ак үй алдына нааразычылык акцияга чыгышты

Путинге арыз кат жазган эки аял Бишкектеги Ак үйдүн алдына нааразычылык акцияга чыгышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековго жолугууну суранып, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кызматтан алууну талап кылып жатышат. Айыл өкмөт башчысын жер тилкелерди туура эмес бөлүштүргөн деп айыпташууда.

Оштун Кара-Суу районунун тургундары — Орозкан Токторалиева менен Гүлнара Мырзакаримова «Өз жеринде өгөйлөнгөн энелер өлүмгө да даяр!», — деген жазууларды жана бензин куюлган бөтөлкө көтөрүп алышкан. Эгер талаптары аткарылбаса, өзүлөрүн өрттөөгө да даяр экенин билдиришүүдө.

Нааразы болгон эки тургунду Президенттик Аппараттын өкүлдөрү коомдук кабылдамага чакырышканы айтылууда.