Марал Радиосу

Каныбек Исаков: Окуу китептеринин сапатына басым жасайм

Былтыркы окуу жылы өзгөчө аяктап, быйылкы окуу жылы өзгөчө башталды. Окуучулар мектепке кадам таштаганына кубанса, чоңдор үчүн билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү дагы бир ирет эске салышына себеп болду. Окуу куралдарынын жетишсиздиги, китеп, аттестаттардагы каталар жана Нарындагы контейнер мектеп катуу талкуу жаратты. Ал эми президент ар тараптуу сындардан кийин Билим берүү жана илим министрин кызматтан алды.

Бүгүнкү күндө коомчулуктун катуу сынына кабылган Билим берүү жана илим министри кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Исаковду көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Тармактык комитеттин алдына келип сөз сүйлөгөн Исаков бул тармакты ичинен билерин айтып, системага жоопкерчилик менен жаңы дем берүү ниети бар экенин белгиледи.

— Мүмкүн болушунча билим берүү системасына позитив берели, мугалимдерге ишеним жараталы деп жатабыз. Мугалимдерге жаңы бир дем берели деген ниетим бар. Эң башкысы, сапатуу билимге басым жасайбыз. Өзгөчө мектепте тарбия процессине, окуу китептердин сапатына — балдарга жугумдуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүүгө басым жасайбыз.

Талапкердин ой-пикирин уккан тармактык комитет Исаковду колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каратуу боюнча токтом кабыл алып беришти.

Каныбек Исаковдун талапкерлиги көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат жарыяланган соң, социалдык тармактарда анын дарегине ар түрдүү сын-пикирлер айтылды. «ОшМУ өлкөдөгү коррупцияга баткан жогорку окуу жай, анан жетекчиси кантип министр болот?» — дегендер бар. Ошол эле учурда, «Билим берүү системасын ийне-жибине чейин мыкты билет, күчтүү реформатор», — деген колдоо пикирлер да арбын.

Билим берүү боюнча серепчи Кеңешбек Сайназаров Каныбек Исаковдун буга чейинки тажрыйбасын эске алуу менен кайсы бир деңгээлде ишеним артса болот деген пикирде. Анын кошумчалашынча, окуучулардын билим сапаты, негизги көйгөй бойдон калууда.

— Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетине кайсы абалда келди? Азыр кандай деңгээлге көтөрдү? Демек, кандайдыр бир ишеним көрсөтсө болот. Билим берүү системасы бүгүнкүдөй сазга кептелип турган мезгилде, «Бир гана жетекчинин келиши абалдын оңолушуна себеп болот», — деп айтуу кыйын. Менин пикиримде, окуучулардын билим сапатын негизги көйгөй катары кароо керек. Дагы бир көңүл бурчу маселе — мектепке чейинки билим берүүгө ата менен эненин аралашуусун канчалык деңгээлде кеңейте аларыбыз.

Өкмөттө орун бошору менен эл өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүнү адатка айлантты. Билим берүү тармагын жаңы нукка бура алат дегендердин катарында билим берүү боюнча серепчи Догдуркүл Кендирбаеванын да аты аталды. Бул тармак боюнча ал өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирүү жазган. Анын пикиринде, жетекчи алмашкан менен система алмашмайынча, өзгөрүү болору күмөн.

— Билим берүү системасын саясаттан ажыратмайынча, эч нерсе алдыга жылбайт! Агартуучулар саясий мобилизатор болбош керек! Анткени, чыныгы реформатор ийгилик үчүн саясатка да каршы барышы мүмкүн! Ушул мезгилге чейин ал тигил саясатчыга же бул саясатчыга иштеген деген жана жеңбей калса жектеген принципти калтыруусу зарыл. Министрге чечим кабыл алууда бийликти, депутатты карап кылчактабастан, тайманбай иштөө эркиндигин берүү керек! Негизинен мыктылардын, көк жалдардын көз карашы эркин, позициясы бекем болот!

Сингапурда билим берүү системасын дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыгарган реформалык тажрыйбасы бар. Бул өлкөдө билим берүү тармагын Экономика министри башкарат. Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын пикиринде, билим берүү системасы коомчулуктун өнүгүүсүнөн тикелей көз каранды.

— «Билим берүү тармагы — бул, коомдун күзгүсү», — деп айтылат. Коом кандай кабыл алса, кандай өнүксө, билим системасы да ошондой өнүгөт. Ошондой эле, билим көз каранды. Анткени, каржы кошулса, материалдык база оңолсо, жаңы усул, жаңы ыкмалар ааламдашканга барабар келген жолдор киргизилсе бир жөн. Бирок өзүбүздүн экономикабыз чабал болгондон кийин, оңдоп кетет деп айтуу кыйын. Ошондуктан элибиз жардам беришибиз керек.

Кошумчалай кетсек, Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштады.

Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн. Өзгөчө Нарын облусундагы убактылуу контейнер мектептин ачылышы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты.