Марал Радиосу

Кадырбеков: Элдин медиа сабаттуулугун көтөрүү зарыл

Учур маалымат чөйрөсү үчүн абдан кыйын заман. Мындай шартта чындыкты казып чыгуу татаал. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Чыгыш, Батыш өлкөлөрүндө сөз эркиндиги Кыргызстандагыдай эмес. Кыргызстанда эл маалыматты ылгабайт, мындан улам элдин медиасабаттуулугун көтөрүү зарыл. Батышта окулбай турган гезиттер Кыргызстанда популярдуу болуп жатат.

«Маалыматтын чындыгы тууралуу ойлонгон деңгээлге жетпесек, ортодогу ынтымакты ыдыратуу оңой болуп калды. «Маралда» өнүгүүнү байкап жатабыз. Объективдүүлүктү таап берген жолуңуздардан жазбаңыздар. Жалпы элдин медиа сабаттуулугун көтөрүү үчүн иштеп берсеңиздер жакшы болот. Элдин ыйманына, адебине пайдалуу сөздөр айтылган, адамдардын руханий, интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө себеп болгон программаларды обого алып чыккан студия болсун», — дейт Кадырбеков.