Марал Радиосу

Сариев: Сөз эркиндиги – өнүгүүнүн башаты

«Марал» радиосу акыркы убактарда жаңылыктарды түз берип, өзүнүн оюн так айтып жүрөт.  Бардык чөйрөнүн өкүлдөрүн — анын ичинен коомдук ишмерлер, саясатчылар, чарбачылык иштер боюнча адистерди чакырып, агрономдор, бизнес чөйрөсүндөгүлөр, маданияттын адамдары өз ойлорун айтып, барган сайын белгилүү болуп бара жатат. Мындай пикирин мурунку премьер-министр, саясатчы Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Темир Сариев белгилегендей, азыр атаандаштык аябай күчтүү. Сапаттуу жаңылыктарды, сапаттуу берүүлөрдү берсе, «Марал» радиосу белгилүү боло берет.

«Азыр ар ким өзүнө керектүү гана маалыматты издеп жатат. Биринчиден, жаңылыктардын түз жана таза берилгени. Көптөрү таңуулаганды эмес, өздөрү көрүп туруп, анализдегенди жакшы көрөт. Экинчиси, эксперттик пикирлер, күчтүү талдооочулар болсо. Үчүнчүсү, дүйнөдө технология, илим-билим, медицина тармактарында жаңылыктар көп болуп жатат. Төртүнчүдөн, жаңылыктар инфографика менен берилсе, оңой жана түшүнүктүү болот», — деди Темир Сариев.

Темир Сариев ошондой эле сөз эркиндиги өнүгүүнүн башаты экендигин кошумчалады.

«Сөз эркиндиги десек, журналисттер аны өзү түшүнгөндөй кабыл ала берет. Кандайдыр бир жалпы жазылбаган мыйзамдар бар. Ар бир журналисттин арыкты аттап өтпөй турган ички цензурасы болот. Бул анын маданиятына, уятына, билимине байланыштуу болуш керек. Кээде кыска чөйрөнүн кызыкчылыгына ойноп кетет. Шайлоо учурларында, атаандаштык саясатта жоопкерчиликти сезип, ички цензура болуш керек. Бул деген бара-бара өз ордуна келе турган нерсе. Кээде ушак катары жазып коюшат, бул да иренжитет», — деди саясатчы Темир Сариев.