«Марал» радиосунда калыс сөздөр айтылып, баарына бирдей мамиле жасалат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын баамында, Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн адамдар, саясатчылар «Маралдын» эфиринде сүйлөөгө куштар. Радио жакшы саамалыктарга бай.
«Саясатчыларды саясатчы катары эмес, адам катары да таанытып келе жатасыңар. «Марал» радиосу объективдүүлүк жагынан — Кыргызстандагы экинин бири. Угармандардын, саясатчылардын «Маралга» болгон сый-урматы жетиштүү болчу. Калыстыктан танбасак эл ар дайым көрөт, элден өткөн тараза жок. Ылайым, ушул калыбыңардан жазбагыла. Изденген жамаатсыңар, изденүүлөр улана берсин. Чыгармачылык ийгилик каалайм», — дейт Турсунбеков.
Ал мындан сырткары, Кыргызстан үчүн объективдүү журналистика аба менен суудай керек экенин кошумчалады.