Марал Радиосу

Садыр Жапаровдун улуу баласы каза тапты

Саясатчы Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Мусталиев каза тапты. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков “Марал” радиосуна ырастады. Анын маалымдашынча, Мусталиев жол кырсыгына кабылган.

-Бишкек шаардык 4-ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Партиялаштар чогулуп, кан бергенбиз. Азыр эле Дастандын жан бергени тууралуу кабар алдык, — деди Аспеков.

Кошумчалай кетсек, 27 жаштагы Дастан Мусталиев Садыр Жапаровдун улуу баласы.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.