Марал Радиосу

«Апрель» телеканалы коомчулуктан жардам сурайт

9-август кечинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камоого алган. Бул аракеттен кийин «Апрель» телеканалынын жалпы жамааты өздөрүнүн ишин улантуу максатында «Фейсбук» баракчасы аркылуу аталган каналга «Кантип жардам берсе болот» деген билдирүү жасашты.

Аталган билдирүүдө учурда «Апрель» телеканалынын буга чейин колдонуп жүргөн техникалык базасын колдонууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, коомчулуктан төмөнкү техникалар боюнча жардам сурайт:

Ошондой эле, басмакана кызматтары, бензин жана унаа оңдоо кызматы керек.

Мындан сырткары, «Апрель» телеканалынын продакшн кызматтарын колдонуп, ар түрдүү ролик, документалдуу тасма жана видеосюжеттерге буйрутма берүү менен жардам кылууга болот.

Кандай гана жардам болбосун баары сөз эркиндигин коргоп калууга багытталат.

Байланыш үчүн телефон: +996 701 403 020 Самат