Марал Радиосу

Быйыл билим берүү чөйрөсүнө бюджеттен 29,3 млн сом каралган

Ушул жылы мамлекеттик бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29,3 млн сом каралган, анын 74,8%ы 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу  Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 23-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөрүн билдирген болчу.

Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:

Эмгек акы төлөө фондунун көрсөтүлгөн суммасынын 69% педагогикалык кызматкерлерге жана 11,5% административдик-башкаруу кызматкерлерине төлөнөт.