Марал Радиосу

УКМК: Сапар Исаков ооруканага которулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКдага камактан ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Мындай чечим дарыгерлер консилиумунун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Сапар Исаковдун ден соолугу начарлап, дарыгерлер тобу кеңеш өткөрүшүп, диагноз коюлгандан соң ооруканага которулган. УКМК Сапар Исаковдун кайсыл ооруканада экенин купуя бойдон калтырууда.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коорупцияга тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин  уланып жатат.