Марал Радиосу

Тергөөчүлөр КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаеванын батирин дагы тинтүүгө алат

Аскердик прокуратура КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын батирин тинтүүгө алат. Бул тууралуу Жолдубаева өзү маалымат каражаттарына билдирди.

ИИМдин Башкы тергөө кызматы буга чейин 9-августта үйүн текшерген. Кундуз Жолдубаева милиция дагы деле ага телефонун кайтарып бере электигин айтат.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева 7-августта Кой-Ташта “Атамбаевди кармоо” атайын операциясы учурунда “барымтага алуу” кылмышынын негизинде күбө катары сурак берүүдө. Тергөө кызматкерлери анын телефонун тергөө иликтөө ишине байланыштуу алган.