Кыргызстан Корей өлкөсү менен заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташат.
Мындай талкуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тараптар “Ысык-Көл” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында жолугушкан.
Муну менен катар компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштады.