Марал Радиосу

МАГАТЭнин башкы директору Юкия Амано каза болду

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Юкия Амано каза болду. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Юкия Амано 72 жашта болчу.  Ал аталган кызмат орунга 2009-жылдын декабрынан бери үч жолу удаа шайланган.

Кайгылуу окуяга байланыштуу уюмдун желеги түшүрүлүп, аза күтүлүүдө.