Марал Радиосу

«Коопсуз шаар»: Айып пулдан казынага 166 миллиондой каражат түштү

Жол эрежелерин бузууда айып пул төлөөдөн өлкө казынасына 165 млн 937 миң сом түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлады.

4-марттан бери 290 миң 858 эреже бузуу катталып, андан 127 миң 396 протокол түзүлгөн.

Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы жол эрежесин так сактоого чакырат.