Марал Радиосу

«Kyoto Animation» студиясын өрттөө себеби айтылды

Жапониянын Киото шаарындагы анимациялык студияны өрттөгөн адам кылган ишинин себебин ачыктады. Бул тууралуу  Kyodo агенттигине шилтеме жасап, ТАСС порталы жазды.

«Алар менин чыгармачылык идеямды уурдап алгандыктан, ушундай кадамга бардым», — деп түшүндүргөн.

18-июлда «Kyoto Animation» студиясында чыккан өрттөн 33 адам каза болду. Дагы 36 адам ар кандай жаракат алган. Өрт «Kyoto Animation» жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Аны өчүрүүгө 30 топ тартылган. Өрт 5 саатта араң өчүрүлгөн.

«Kyoto Animation» жапон компаниясы 1981-жылы түзүлгөн. «KyoAni» деп кыскартылган анимациялык студия «K-On!», «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад» сыяктуу анимелери менен белгилүү.