Марал Радиосу

Атамбаев бүгүн да ИИМге суракка келген жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка бүгүн да келген жок. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ мурдагы президентти суракка чакырган билдирүү каты берилген. Ал катта Атамбаев 19-июлда саат 10:00дө суракка барышы керектиги жазылган.

Мурдагы президентке сурак берүү үчүн билдирүү кагазы биринчи жолу 8-июлда, андан кийин 10-июлда келген.

Бирок Атамбаев: «Азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти», — деп, тергөөчүнүн сурагына барбай тургандыгын айтып келет.