Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн, 10-июлда кайрадан Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.
Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө алып барып, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун колуна тапшырышты.
Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11-июлда саат 10.00гө күбө катары суракка чакырылган.
Белгилей кетсек, Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары Атамбаев 2-ирет чакырылып жатат.