Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иши уланат.
Кечээ издөө иштерине 62 куткаруучу тартылып, жыйынтык болгон эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1993-жылы туулган Б. С. аттуу адам кечээ сууга агып кеткен. Аны издөө үчүн Бишкек шаардык башкармалыгынан 20, Суучулдар борборунан 4, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 кызматкер тартылган.