Марал Радиосу

Атамбаевдин экс-президенттик макамы алынды

Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Анда 103 депутат макулдугун берип, 6 депутат каршы добуш берди.

Эми Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде берилген кепилдиктеринен ажырап, ага кылмыш ишин козгоого жана суракка чакырууга жол берилет.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Башкы прокурор: Азиз Батукаевди бошотууга экс-президент Алмазбек Атамбаев кийлигишкен

Атамбаев: Бардык иштерди кыргыз эли үчүн жасагам

Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө: Оо Кудай! Элимди балээлерден куткар! [видео]

Депутаттарды канчалык тааныйсыз? («Республика-Ата Журт» фракциясы)