Марал Радиосу

Стамбул: Мэрди шайлоодо Имамоглу кайра жеңип чыкты

23-июнда Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү. Анда «Респуликалык кыймыл» партиясынан талапкер Экрем Имамоглу жалпы добуштун 54%ына ээлик кылып, жеңишке жетти.

Бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” (АК) партиясынан көрсөтүлгөн Биналы Йылдырым 45% добуш алды. Экөөсүнүн ортосунда 780 миң добуш айырма болду.

Белгилей кетсек, 31-мартта Стамбулда шайлоо өтүп, анда Экрем Имамоглу Йылдырымды 13 миң добуш айырма менен жеңген.

Шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылыктар жана шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам Борбордук шайлоо комиссиясы 6-майда 23-июнда шайлоону кайра өткөрүү боюнча чечим чыгарган болчу.