Марал Радиосу

Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча токтом кабыл алынды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылды. Анда жалпы 105 депутаттын 100ү бул корутундуну колдоду.

Каршы добуш берген депутаттар: Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Асель Кодуранова, Альфия Самигуллина.

Эми бул токтом Башкы прокуратурага жолдонот. Андан соң башпрокурор тарабынан Жогорку Кеңешке маалымат берилет. Ошондо 120 депутаттын 2/3ү колдоо көрсөтсө, Алмазбек Атамбаев экс-президенттик макамынан ажырайт.

Эске сала кетсек, 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгында демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылды.