Марал Радиосу

Өмүрбекова: Балдарга мотивациялык роликтер даярдалат

Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна көпчүлүк учурда ата-энелер менен болгон түшүнбөстүктөр, классташтар арасында тил табыша албоо себеп болот. Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Ички иштер министрлиги суициддерге анализ жасап, ушундай жыйынтыкка келишкен. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мындан улам, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында массалык маалыматтык кампанияларды баштаганы турабыз. Жаштар арасында белгилүү инсандарды сөзгө тартып, мотивациялык роликтерди даярдайбыз», — дейт Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте жайкы каникул учурунда балдардын суицидинин алдын алуу боюнча кеңешме өткөн.

Каникул учурунда балдардын суицидинин алдын алуу боюнча кеңешме өттү