Марал Радиосу

«Мектептерге 12 жылдык окуу программасын киргизүү керек»

Чет мамлекеттик тажрыйбада көпчүлүк мектептерде 12 жылдык билим берилет. Ал эми кыргызстандыктар чет жакка окууга барганда, кошумча билим алууга мажбур болушууда. Мындан улам, Кыргызстанда да орто билим берүүнү 12 жылдык кылуу зарыл. Бул тууралуу Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Дүйнөлүк тенденцияга даярдашыбыз керек. Мектептердин сапатын көтөрүп, окутуунун ыкмаларын жаңыласак, окуучулар үчүн билим алуу кызыктуу болмок. Ошол абалга жетишибиз керек. Мамлекет чет жакка чыгып кетпей, өлкөдө иштей турган кадрларды окутушу керек. Ал эми жеке менчик секторлор кадрларын өзү тарбиялашы зарыл. Ал үчүн студенттерди колдоп, концепцияны ишканалар менен бирге иштеп чыгуу абзел», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, дүйнөдө студенттер билим алуу менен бирге тажрыйбаны айкалыштырып, ЖОЖдордо өзүн өнүктүрүүгө шарт түзүлгөн. Ал эми Кыргызстандын дарстарында СССР убагындагы маалыматтар айтылат.

«Дүйнөдө университеттер илимди изилдеп, аны товар катары сатып, түшкөн каражатты кайра билим берүүгө сарптоого жетишти. Башкача айтканда, билим берүүнү бизнес менен айкалыштырып, экономикага салым кошууда. Ал эми биздин универсиетттер мындайга жабык болуп жатат», — дейт Бейшеналиев.

Ал кошумчалагандай, мектептерге адеп сабагын киргизүүдө диний азчылыктарды да эске алуу зарыл. Андыктан, балдарды бала бакчадан тарта адамдык баалуулуктарга тарбиялоо керек. Анткени, бардык динде адамдык баалуулуктар бирдей.