Марал Радиосу

Туйгунаалы Абдраимов кызматтан алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан бошотту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Абылгазиев мындай чечимди «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамынын негизинде кабыл алган.

Эске салсак, 6-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орокто чыр чыккан жерде окуя боюнча Ала-Тоо-24 каналына маалымат берип жатып, башка журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Анын себебин сураганда, журналистке кайрылып, «Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен», — деп каткырып басып кеткен.

Буга нааразылык билдирип, журналисттер өкүлчүлүктүн имаратынын алдына барып, Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Абдраимов жергиликтүү маалымат каражатына маек куруп жатып, бир ооз сөз үчүн отставкага кетпей турганын билдирген.

Өкмөт башчы буга чейин Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке жасаган мамилесине өкүнөөрүн билдирип, баа берилерин айткан эле.