Марал Радиосу

«Кадамжай» коому премьер-министрге кайрылуу жолдоду

«Кадамжай» коому Кадамжай районунун акиминин кызмат ордуна талапкер катары Канатбек Мурзахалиловду жана Асанбай Пазыловду сунуштап, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго  кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу аталган коомдун төрагасы билдирди.

Кайрылууда талапкерлердин районго, элге кылган эмгектери зор экендиги белгиленген. Ошондой эле, көптөгөн жылдар бою коомдук уюмдарда кызмат кылышып, сырткы мигранттар менен тыгыз байланышта иш алып барып жатышканына токтолушкан.

Мындан сырткары, инвестиция, райондун инфратүзүмүн, чек ара жана башка маселерди чечүүдө өздөрүнүн чечкиндүү, акыйкат кадамдарын коюшуп, элге кызмат кылышарына ишенимин билдиришкен.

Кайрылуу жолдогондор сунушу эске алынарынан үмүт артышат.