Марал Радиосу

Нарында зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык иштер жүргүзүлүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда зыяндуу чегирткелерди изилдөө жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери тарабынан ыкчам топтор түзүлүп, чегирткеге каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

7-июнга карата химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин 4 даана Toyota Hilux үлгүсүндөгү авто унаалары атайын жабдыкталып, ортонулган уу чачкычтары менен иштеп жатышат.

Бул техникалардын күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 200-400 га чейин жер аянтты түзөт. Учурда Нарын облусунда 11 305 га жер аянтка зыянкечтерге каршы химиялык заттарды чачуу пландалса, анын 2150 га аянтына химиялык заттар чачылып, зыянкечтер жок кылынды.