Өкмөттө өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча жыйын болду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Кеңешмеде журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды. Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев иликтөөдө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин айтат. … Читать далее Өкмөттө өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча жыйын болду