Марал Радиосу

Эми жарандар мыйзамсыз товар ташуу боюнча маалымат билдирсе болот

Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга товарларды жана күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып кирүү маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн байланыш номерлерин жарыялады.

Жарандар мындан ары мыйзам бузуулар боюнча (0312)61-31-89 ишеним телефонуна же (0779)61-31-89  WhatsApp номерине кайрыла алышат. Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат. 

Салык төлөөчүлөр салык салуу жана салык кызматынын ишиндеги башка бардык маселелер боюнча жергиликтүү салык органдарына же Салык кызматынын маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрыла алышат.