Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 36 миллион 988 миң 698 сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Финансы полициясынын бирдиктүү депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы 700 миллион 441 миң 493 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бирдиктүү эсепке чогулган каражаттар Чүй облусуна жана Бишкек шаарына мектеп курууга жумшаларын айткан.