Марал Радиосу

Масалиев менен Сабиров Өкмөт башчынын отставкасын талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтышты.

Депутаттар Өкмөт башчынын айланасындагы бажа, бир туугандары тууралуу айтылган сөздөрдөн улам, анын бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок экенин белгилешти.

Исхак Масалиев: «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегиндеги чуудан кийин эле премьер-министр отставкага кетүүгө арыз жазышы керек болчу», — деди.

Абылгазиев «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия иштеп жатканын айтты.

«Айтылгандардын баары эле чындыкка туура келе бербейт. Эгер менин айыбым болсо, мен андан жыйынтык чыгарам. Же Сиздер менин ишиме  адилеттүү баа бериңиздер», — деди Өкмөт башчы.

Парламент ушу тапта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, Өкмөттүн аппаратынын башчылыгына Самат Кылжыевдин талапкерлигин карап жатат.

Алардын талапкерлигин көрсөткөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга өзү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.