«Кыргыз гидромет» борборунун билдиришинче, эртең 27-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.