Марал Радиосу

«Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрүнүн билим таймашы өтөт

Эртең, 25-майда Бишкекте  «Wunder time» интеллектуалдык оюнунун 1-сезонунун 3-туру өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Акыл таймаш «Сапат» лицейлерин бүтүргөн студент мырзалардын арасында өтүп, ага жалпысынан жыйырмадан ашуун команда катышат. Бир командада 6 студент болот.

Ошондой эле, иш-чарага «Сапат» билим берүү мекемелеринин башкы мүдүрү, орун басарлары, демөөрчүлөр жана башка сыйлуу адамдар конок катары чакырылган.

Таймаштын соңунда 1-2-3-орунду ээлеген командаларга баалуу белектер жана сертификаттар ыйгарылып, 1-сезондун жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө саякаттоо үчүн жолдомо тапшырылат.

Оюн «Сапат бүтүрүүчүлөрү» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат.