Марал Радиосу

«Коопсуз шаар»: Айып пулдардан бюджетке 70 млн сом түштү

«Коопсуз шаар» ишке киргенден бери долбоордун алкагында эреже бузган айдоочуларга салынган айыптардан мамлекеттик бюджетке 70 млн. сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, камералар иштеп баштагандан тарта 110 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталып, тиешелүү токтом чыгарылган. Анын ичинен 45 миң эреже бузуу боюнча айып пул төлөнгөн. Бул жалпы айыптын 44,5 %ын түзөт.

Саркулов мындан сырткары «Коопсуз шаардын» ишке кириши жол эрежесин сактоого өбөлгө түзгөнүн белгилейт.

«Алсак, 1-январдан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жол кырсыгынын саны өткөн жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 46,2 %га, каза болгондордун саны 133 %га, жаракат алгандардын саны 33,7 %га өскөн. Ал эми Чүй облусунда жалпы жол кырсыгы 15,6 %га, каза тапкандардын саны 28,5 %га, жаракат алгандардын саны 12 %га жогорулаган», — дейт Саркулов.

Анын билдиргенине караганда, 4-марттан 20-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгынын саны 4,8 %га төмөндөгөн. Каза болгондордун саны 68 %га кыскарган. Ал эми Чүй облусунда бул көрсөткүч 37,8 %га азайган.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору үстүбүздөгү жылдын 4-марттынан тарта иштеп баштаган. Долбоордун алкагында Бишкек шаарында 38 жолдун кесилишине жана 4 көпүрөнүн астына камера орнотулган. Ал эми Чүй облусу боюнча 48 жерге аппараттык программалык комплекс жана 15 көчмө комплекс коюлган.