Марал Радиосу

Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзамга кол койду

«Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ушул жылдын 4-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан 2010-жылдын 27-июнундагы референдум аркылуу өзгөртүүлөр киргизилген Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин башмыйзамга шайкештигин текшерүү тууралуу ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.