Марал Радиосу

Мунай базасындагы өрттү өчүрүүгө катышкандар сыйланат

Министр Нурболот Мирзахмедов өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине Жалал-Абад облусундагы мунай базадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди.

«Жалал-Абад шаарындагы мунай базадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилери, 2000ге жакын жергиликтүү тургундун өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул ӨКМдин кызматкерлеринин тайманбастыгы, тилсиз жоону четтетүүдөгү билгичтиги, кесипкөйлүгүнө байланыштуу болду. Жалал-Абаддагы өрттү өчүрүү жалпы коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, бардыгыбыз тынчсыздануу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн эрктүү аракеттерине күбө болдук десем жаңылышпайм», — деди министр Н. Мирзахмедов.

10 сааттан ашык алоолонгон жалынды өчүрүүгө көп сандагы өрт өчүрүү топтору тартылып, жалпы 5300 тонна көбүк (пенообразаватель) сарпталган.