Марал Радиосу

Орусиялык 17 турист Монголиянын чума илдети катталган аймагынан чыга албай калды

Орусиялык 17 турист чума илдетине карата киргизилген карантинден улам, Монголиядан чыга албай калды.

Бул тууралуу Орусиянын аталган өлкөдөгү элчилигинин пресс-атташеси Ксения Панкова билдиргенин www.vesti.ru маалымат булагы жарыялады.

Монголиянын батыш тарабындагы Баян-Улгий провинциясында чума илдети катталып, карантин киргизилген.

«Чума оорусу катталып, эки адам илдетке кабылганы тууралуу маалыматты биз экинчи майда алганбыз. Баары жакшы болуп, карантин бүтөт деп үмүттөнүп жатабыз», — деди ал.