Марал Радиосу

Эреже бузган айдоочу айып пул төлөбөй койсо эмне болот?

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көзөмөл камералары тартып алган эреже бузуулар боюнча салынган айыппулду төлөбөсөк эмне болот?

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев:

— «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көзөмөл камералары тартып алган эреже бузуулар боюнча айыптын мөөнөтү айдоочу айып катты колуна алган күндөн тарта эсептелине баштайт. Алгачкы эки жумада жеңилдик каралган. 2 айдын ичинде айып пул төлөбөсө, туум жазылып баштайт. Эгерде айыппул 3 айдын ичинде төлөнбөсө, иш сотко өткөрүлөт. Калганы соттун чечиминен көз каранды.

“Коопсуз шаар”: Айып кагазды алуудан баш тартса эмне болот?