Марал Радиосу

Уран кенин жеринен иликтөөгө Өкмөттүк топ жөнөп кетти

Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол аймагындагы уран кенин казуу боюнча кырдаал менен жеринен таанышып келүү максатында Өкмөттүн атайын тобу жөнөп кетти.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди.

Уран кениндеги ишти жеринен көрүп келүү үчүн вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген топ элге жолугат. Ишкананын иши менен таанышат.

«Уран кени боюнча чечим кабыл алынган. Иш ведомстволор аралык комиссия изилдеп чыгып корутундусун берсин деп токтотулган. Кечээден баштап, машина-тракторлордун баары  чыгарылып кеткен. Алар кырдаал менен жеринен таанышып, Өкмөткө маалымат берет», — деди Абылгазиев.