Марал Радиосу

Окуу жайдын мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаран кармалды

Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан жогорку окуу жайдын биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

14-апрелден  15-апрелге караган күнү милиция батальонунун кызматкерлери ишке чыгышкан. Болжол менен саат 20:15тер чамасында милициянын кызматкери тарабынан жогорку окуу жайдын имаратынын чыгыш тарабында жайгашкан кампалардын ичинен жыйылып турган темирлерди уурдап бара жаткан жаранды кармашкан.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын 1970-жылы туулган Л.М. аттуу тургуну болгон.

Ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.