Марал Радиосу

Германия менен Кыргызстанга фитосанитардык лаборатория түзүү маселеси каралат

Германия менен Кыргызстанга заманбап фитосанитардык лаборатория түзүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында бул маселе президенттин 15-16-апрелдеги Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында каралат.

Ошондой эле Бавария фитосанитардык лабораториясына Кыргызстандан адистер барып стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.